23 октябрь, 6:56, Бишкек сааты
23 октябрь, 9:56, Сеул сааты
Элчилик Кыргыз Республикасы Консулдук бөлүм Жаңылыктар Пайдалуу шилтемелер

БЕШИМОВ Аскар Жолчубекович

 

2011 - 2012 - жылдардагы Кыргыз 
Республикасынын Малайзиядагы 
Атайын жана 
Ыйгарым Укуктуу Элчиси 
 

2011-жылдын 19-майындагы КР президентинин №119 буйругуна ылайык КР Малайзиядагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси болуп дайындалган.

2012-жылдын 28-майындагы  КР президентинин  №    буйругуна ылайык КР Малайзиядагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчисинен бошотулган

Төрөлгөн жылы: 1962-жыл, 5-февраль
Төрөлгөн жери: Жалал-Абад шаары
Улуту: кыргыз
Билген тилдери: кыргыз, орус, англис

Билими:
1983 -Ош педагогикалык институтунунмеханикалыкматематикафакультети
1989 - Кыргыз мамлекеттик университетининэкономикафакультети

Эмгек жолу:
1983 - инженер-программист, ЖОЖдо окутуучу;
1985-1995 - Комсомол комитетинде иштеген, мамлекеттик органдарда ар кандай кызматтарды ээлеген, ишкер;
1995-жылдын мартынан декабрь айына чейин –КРнын Тышкы иштер министрлигинин КМШ башкармалыгында иштеген;
1995-жылдын декабрынан - КРнын Беларустагы элчилигинде биринчи катчы;
1998-жылдын февралынан- КРнынТышкы иштер министрлигинин КМШ башкармалыгында биринчи катчы;
1998-жылдын июнунан–КРнынТышкы иштер министрлигининЭкономикалык саясат департаментинин Тышкы экономика ишмердүүлүгүн божомолдоо жана анализдөө башкармалыгынын жетекчиси;
1999-жылдын ноябрынан- КРнын Тышкы иштер министрлигинин Маалымат жана стратегиялык маселелер департаментинин директору;
2000-жылдын декабрь айынан–КРнын Орусиядагы элчилигинин консулдук суроолор боюнча кеңешчиси;
2005 - 2008 - КРнын Тышкы иштер министринин орун басары;
2011-жылдын 19-майынан 2012-жылдын майына чейин– КРнынМалайзиядагы элчиси;
2012-жылдын 5-апрелинен- КРнын Таиландда, Бруней-Дарусалам мамлекетинде жана Индонезияда элчиси;
2012-жылдын 28-майынан- КРнын Тышкы иштер министринин орун басары.

Дипломатиялык рангы:
Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси