20 июль, 9:07, Бишкек сааты
20 июль, 12:07, Сеул сааты
Элчилик Кыргыз Республикасы Консулдук бөлүм Жаңылыктар Пайдалуу шилтемелер

Консулдук каттоо

Консулдук каттоодон өтүү чет өлкөдө жашаган Кыргыз Республикасынын жаранын тейлөө жана ага консулдук жардам көрсөтүү үчүн милдеттүү шарт болуп эсептелинет. Консулдук тейлөөлөрдүн ичине КРнын жаранынын укуктарын жана кызыкчылыктарын чет өлкөдө коргоо, паспорт алмаштыруу, жарандыктан чыгаруу, документтердин мыйзамдаштыруу жана башка керектүү социалдык-укуктук мүнөздөгү документтерди даярдоо жана тапшыруу кирет.

Үч айдан узак мөөнөткө чет мамлекетке чыккан Кыргыз Республикасынын жарандары чет өлкөнүн аймагына киргенден кийин үч жумушчу күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын консулдук мекемесинде же дипломатиялык өкүлчүлүгүндө катталышат (консулдук каттоодон өтүшөт).

Чет мамлекетке туруктуу жашагыны үчүн кетип жаткан Кыргыз Республикасынын жарандары Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган жери боюнча каттоодон чыгышы керек.

Консулдук мекеме өзүнүн консулдук аймагы боюнча Кыргыз Республасынын төмөнкү категориялардагы жарандарын консулдук каттоодон өткөрөт:

— Кыргыз Республикасынын аймагынан чет мамлекетке туруктуу жашоо максаты менен чыккан жарандар;

— Кыргыз Республикасынын аймагынан чет мамлекетке 3 айдан узак мөөнөткө окуу, жумуш жана башка максаттары менен чыккан жарандар;

— чет өлкөлүк же жарандыгы жок жарандар тарабынан багылып алынган жашына жете элек өспүрүмдөр;

— чет мамлекетте төрөлүп, аларга Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгүндө же консулдук мекемесинде туулгандыгы жөнүндө күбөлүк даярдалып берилген, Кыргыз Республикасынын жашына жете элек жарандары;

— чет мамлекетте жашаган жерин алмаштырган жарандар.

Кыргыз Республикасынын жашына жете элек өспүрүмдөрүн консулдук каттоодон өткөрүш үчүн ата-эне же кам көрүүчү (опекун, попечитель) тиешелүү арызды толтурушу керек.

Кыргыз Республикасынын жарандары консулдук каттоодон өтүш үчүн Элчиликке төмөнкү документтерди тапшырыш керек:
1. Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (оригинал);
2. Тиешелүү формадагы каттоо карточкасы (башка документтер тапшырылган соң элчиликте толтурулат);
3. 3×4 көлөмүндөгү 2 түстүү сүрөт;
4. Консулдук чогултуу төлөмү.

Консулдук каттоодон өткөрбөөгө төмөнкү негиздер кирет:

— Кыргыз Республикасынын жаранында жалпы жарандык паспортунун же анын ордуна башка документинин жоктугу;

— кайсы бир документтин жоктугу же тура эмес толтуурулгандыгы.

Элчилик Кыргыз Республикасынын жаранын төмөнкү себептер менен консулдук каттоодон чыгарат:

— эгер жаран Кыргыз Республикасына туруктуу жашоого кетсе;

— эгер жаран башка чет мамлекетке туруктуу жашоого кетсе;

— эгер адамда Кыргыз Республикасынын жарандыгы токтотулса же ал жарандыктан чыкса;

— жаран каза тапса.
Кыргыз Республикасынын жарандарын косулдук каттоонун баасы:

— убактылуу турууга – 3 АКШ доллар;

— туруктуу жашоого  – 5 АКШ доллар.