25 май, 18:56, Бишкек сааты
25 май, 21:56, Сеул сааты
Элчилик Кыргыз Республикасы Консулдук бөлүм Жаңылыктар Пайдалуу шилтемелер

Айдоочу күбөлүгүн тастыктоо

Айдоочу күбөлүгүн тастыктоону алуу үчүн төмөнкүдөй документтер тапшырылат:

1. Белгиленген формадагы арыз (Элчиликте толтурулат);

2. Кыргыз Республикасынын жалпы жарандык (чет мамлекетке баруу үчүн берилген) паспортунун түп нускасы;

3. Айдоочунун өздүк карточкасы (түп нускасы) сүрөт жана мөөрү менен;

4. Alien Registration Card ( корей Ай-Ди картасы);

5. Консулдук төлөм- 25 доллар;

 

Консулдук тейлөө үчүн арыз ээси Элчиликте консулдук каттоодо турушу керек.

Кабыл алуу убактысы: дүйшөмбү- жума, 09:00-12:00

 

Алдын ала банктан консулдук төлөмдү төлөп, квитанциясын алып келүүнү суранабыз. Интернет банк менен төлөөгө же банкоматтан которууга болбойт. Банктан вон менен кабыл алып, долларга айлантып жөнөтүп беришет.

Элчиликтин банктык эсеби:

Account holder(예금주): Embassy of the Kyrgyz Republic (주한키르키즈대사관 )

Account number(계좌번호): 166-890032-68638 (US dollar account)

Bank(은행):  KEB Hana Bank (외환은행)