25 май, 18:57, Бишкек сааты
25 май, 21:57, Сеул сааты
Элчилик Кыргыз Республикасы Консулдук бөлүм Жаңылыктар Пайдалуу шилтемелер

Кыргыз Республикасынын жалпы жарандык паспортун алуу/алмаштыруу

Жалпы жарандык паспортун (загранпаспорт) алууга же алмаштыруу үчүн төмөнкү документтер талап кылынат:

1. Белгиленген түрдөгү арыз (паспорт алууга карточкасы Элчиликте толтурулат );

2. Туулгандыгы жөнүндө күбөлүк (түп нускасы) - (паспорт жоголуп кеткен учурда же болбосо паспорт биринчи жолу берилип жаткан учурда гана керектелет.;

3. Никедешүү же ажырашуу тууралуу күбөлүк (түп нускасы);

4. Алмаштырылуучу паспорттун (түн нускасы);

5. Чет элдик жарандарды каттоо (ID) карточкасы (корей ай-ди картасы);

6. Паспорт жоголуп кеткен учурда - полициядан жоголуп кеткендиги тууралуу справка + анын орус тилине расмий эмес котормосу (справканы жашап жаткан райондун полиция участогунан алса болот)

7. Электрон түрүндөгү фото (Элчиликтен да сүрөткө түшүү мүмкүн)

8. Консулдук төлөм - 50 доллар, 16 жашка чейинки балдарга жана 60 жаштан ашкан жарандарга - 25 доллар

 

Каттоо жана паспорт берүүнүн мөөнөтү 1-1,5 ай убакыт түзөт.

 

Тапшырылган документтер менен маалыматтардын аныктыгы үчүн  тапшырган жарандын жоопкерчилиги Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген.

Паспорт алуу (алмаштыруу) үчүн зарыл болгон документтердин баарын бергенден кийин гана кароого кабыл алынат.

 

Жаңы паспорт алуу үчүн документтер (алмаштырууга тийиш болгон) паспорттун мөөнөтү аяктаганга чейин үч ай калганда кабыл алынат.

Элчиликте загранпаспорт гана алмашылат, кыргызстандын ички паспорту (ай-ди) Элчиликте алмашылбайт!

Кабыл алуу убактысы: дүйшөмбү- жума, 09:00-12:00

 

Алдын ала банктан консулдук төлөмдү төлөп, квитанциясын алып келүүнү суранабыз. Интернет банк менен төлөөгө же банкоматтан которууга болбойт. Банктан вон менен кабыл алып, долларга айлантып жөнөтүп беришет.

Элчиликтин банктык эсеби:

Account holder(예금주): Embassy of the Kyrgyz Republic (주한키르키즈대사관 )

Account number(계좌번호): 166-890032-68638 (US dollar account)

Bank(은행):  KEB Hana Bank (외환은행)