25 сентябрь, 12:00, Бишкек сааты
25 сентябрь, 15:00, Сеул сааты
Элчилик Кыргыз Республикасы Консулдук бөлүм Жаңылыктар Пайдалуу шилтемелер

Никелешүү жөнүндө күбөлүк

Никелешүү тууралуу күбөлүк, Кыргыз Республикасынын же чет өлкөлүк жарандарга турмушка чыккан Кыргыз Республикасынын жарандарына, берилет.

Никелешүү тууралуу күбөлүгүн алуу үчүн, төмөнкү документтер керектелет:

1. Никеге туруп жаткан адамдардын арызы;

2. Паспорттор (түп нускасы, көчүрмөлөрү);

3. ID-карталары (түп нускасы, көчүрмөлөрү);

4. Туулгандыгы жөнүндө күбөлүктөрдүн (түп нускасы, көчүрмөлөрү) - чет өлкөлүк жарандардын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү (기본증명서) орус тилине которулуп, кортормосунун  нотариалдык тастыктамасы жана документтерди берген мамлекеттин Апостили басылышы керек;

5. Буга чейин никеде жоктугу тууралуу документ (Кыргыз Республикасынын жарандарына Улуттук ЗАГС  архивинде берилет - түп нускасы)  -чет өлкөлүк жарандын документи орус тилине которулуп, котормосунун нотариалдык тастыктамасы жана документтерди берген мамлекеттин Апостили басылышы керек)

6. Чет элдиктерди каттоо корей ID-картасы  (түп нускасы, көчүрмөлөрү);

7. Консулдук төлөмдөрдү төлөө - 100 доллар.

 

Арызды кароо мөөнөтү - бир ай. Кош бойлуу болгон учурда же ортодогу балдары болгон учурда, нике арыз берилген күнү катталат.

Кабыл алуу убактысы: дүйшөмбү- жума, 09:00-12:00

 

Алдын ала банктан консулдук төлөмдү төлөп, квитанциясын алып келүүнү суранабыз. Интернет банк менен төлөөгө же банкоматтан которууга болбойт. Банктан вон менен кабыл алып, долларга айлантып жөнөтүп беришет.

Элчиликтин банктык эсеби:

Account holder(예금주): Embassy of the Kyrgyz Republic (주한키르키즈대사관 )

Account number(계좌번호): 166-890032-68638 (US dollar account)

Bank(은행):  KEB Hana Bank (외환은행)