25 май, 18:57, Бишкек сааты
25 май, 21:57, Сеул сааты
Элчилик Кыргыз Республикасы Консулдук бөлүм Жаңылыктар Пайдалуу шилтемелер

Туулгандыгы жөнүндө күбөлүк

Кыргыз Республикасынын Элчилигинде туулгандыгы жөнүндө күбөлүгүн алуу үчүн, баланын ата-энесинин бирөөсү Кыргыз Республикасынын жараны болууга тийиш.

Туулгандыгы жөнүндө күбөлүк Элчиликке төмөндөгү документтер сунушталган соң берилет:

1. Ата-энесинин арызы;

2. Ата-энесинин экөөнүн тең паспортунун түп нускалары жана көчүрмөлөрү (эгер ата-энесинин бирөөсү жок болсо, өлгөндүгү тууралуу күбөлүк      керектелет);

3. Никелешүү тууралуу күбөлүгүнүн түп нускасы жана көчүрмөсү. Эгерде никелешүү тууралуу күбөлүк  Корея Республикасынын өкмөтү тарабынан берилген болсо, анын орус тилине котормосу талап кылынат, жана котормонун аныктыгын нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн жана Корея Республикасынын Адилет министрлигинин апостили тиркелүүсү тийиш;

4. Корея Республикасынын өкмөтү тарабынан берилген, туулгандыгы жөнүндөгү сертификаттын түп нускасы жана көчүрмөсү, жана анын орус тилинде котормосу талап кылынат. Котормонун аныктыгын нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн жана Корея Республикасынын Адилет министрлигинин апостили тиркелүүсү тийиш;

5. Консулдук төлөмдөрдү төлөө - 50 доллар.

 

Эскертүү: Кээ бир учурларда кошумча документтер талап кылынат.

Кабыл алуу убактысы: дүйшөмбү- жума, 09:00-12:00

 

Алдын ала банктан консулдук төлөмдү төлөп, квитанциясын алып келүүнү суранабыз. Интернет банк менен төлөөгө же банкоматтан которууга болбойт. Банктан вон менен кабыл алып, долларга айлантып жөнөтүп беришет.

 

Элчиликтин банктык эсеби (доллардык эсеп):

Account holder(예금주): Embassy of the Kyrgyz Republic (주한키르키즈대사관 )

Account number(계좌번호): 166-890032-68638 (US dollar account)

Bank(은행):  KEB Hana Bank (외환은행)