16 ноябрь, 17:47, Бишкек сааты
16 ноябрь, 20:47, Сеул сааты
Элчилик Кыргыз Республикасы Консулдук бөлүм Жаңылыктар Пайдалуу шилтемелер

Өлкө таануу маалыматы

Географиялык жайгашканы

Кыргыз Республикасы Орто Азиянын түндүк-чыгышында жайгашкан жана Тянь-Шань тоо системасынын батыш бөлүгүн жана түндүк Памир-Алай тоолуу аймагын ээлейт. 

Кыргызстан 4 мамлекет менен чектешет: түндүктө – Казакстан менен, батыш жана-түштүк- батыш тарабында – Өзбекстан менен, түндүк-батышта – Тажикстан менен, түштүк-чыгышта – Кытай менен.

Кыргыз Республикасынын жалпы аянты 198,5 чарчы километрге барабар, анын 94 пайызын тоолор ээлейт. Алардын орто бийиктиги деңиз деңгээлинен 2 750 метр бийиктикте жайгашкан.

Борбору

Бишкек шаары Кыргыз Республикасынын саясий, экономикалык, илимий, административдик, тарыхий-маданий борбору. Бул жерде мамлекеттик бийликтин жогорку органдары, элчиликтер, чет өлкөлөрдүн өкүлчүлүктөрү жайгашкан. Борбор калаанын аймагынын аянты 127,3 чарчы километрге тең.

 

Административдик-аймактык бөлүнүшү

Кыргызстан 7 облустан турат. Алар: Баткен, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Ош, Талас жана Чүй облустары. Мындан тышкары өлкөнүн курамына 40 административдик район жана 22 шаар кирет. Негизги шаарлар – булл Бишкек жана Ош.

Саясий түзүлүш

1991-жылдын 31-августунда Кыргыз Республикасы Эгемендүүлүгүн алган. Кыргызстан - парламенттик республика болуп, көз каранды эмес, светтик, демократиялык жана укуктук мамлекет. Өлкөнүн президенти жалпы элдик добуш берүү менен 6 жылга шайланат,экинчи мөөнөткө шайланууга укугу жок. Кыргызстандын учурдагы президенти Алмазбек Атамбаев.

Калкы

Кыргызстанда 5,7 миллиондон ашуун адам жашайт. Алардын ичинен кыргыздар – 72 пайыз, өзбектер – 14 пайыз, орустар – 7 пайыз, казактар, тажиктер, уйгурлар жана башка улуттардын өкүлдөрү – 7 пайызды түзөт. Кыргыз Республикасында жалпысынан 80ден ашуун улуттун өкүлдөрү бар. Шаарларда турган калктын көлөмү 33,6 пайыз, айыл аймактарда – 66,4 пайызга барабар.

Дин

Кыргызстанда ар кандай дүйнөлүк диндердин өкүлдөрү жашашат. Калктын басымдуу бөлүгү мусулмандар. Ислам динине ишенгендер калктын 75 пайызын, православдар 20 пайызын, башка диндердин өкүлдөрү 7 пайызын түзөт.

Тилдер

Кыргыз Республикасында кыргыз тили мамлекеттик тил болуп саналат. Орус тили өлкөдө расмий тил статусуна ээ. Ошол эле учурда өлкөдө өзбек, тажик тилдеринде сүйлөгөн адамдар көп.

Саат

Стандарттык саат тилкеси: UTC/GMT +5 саат. Өлкөдө саат кышкы жана жайкы деп бөлүнбөйт

Акча валютасы

Кыргыз сому 1993-жылдын 10-майында кабыл алынган. Бир сом 100 тыйындан турат. Бүгүнкү күнү 20, 50, 100, 200, 500, 1000 жана 5000 сомдук банкноталар бар. Кыргызстан Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинде өздүк валютаны эң биринчи кабыл алган мамлекет.

Климат

Кыргызстандын климаттык шарттарына ылайык континенталдуу болуп мүнөздөлөт, кышы муздак, жайы ысык, бул деңиз деңгээлинен бийик жайгашкандыктан көз каранды. Жаан-чачындар көбүнчө, күз, кыш жана жаз мезгилдеринде жаайт, жай мезгили көпчүлүк учурда кургакчыл болот. Январь айында өлкөдө орто температура -4 градустан -14 градуска чейин жетет, ал эми июль айында +17 градустан +38 градуска чейин болот.