20 октябрь, 12:00, Бишкек сааты
20 октябрь, 15:00, Сеул сааты
Элчилик Кыргыз Республикасы Консулдук бөлүм Жаңылыктар Пайдалуу шилтемелер

Тышкы иштер министри

АЙДАРБЕКОВ ЧИНГИЗ АЗАМАТОВИЧ

1977-жылы 27-октябрда Бишкек шаарында төрөлгөн.

Билими: жогорку

1998-жылы Кыргызстандын эл аралык Университетин аяктап, «Эл аралык мамилелер» боюнча адистигине ээ болгон.
2001-жылы Кыргызстандын эл аралык Университетинин магистратурасын «Юриспруденция» адистиги боюнча бүтүргөн, магистр деңгээли ыйгарылган.
2017-жылы Б.Н.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян Университетинин аспирантурасын бүтүргөн.

Эмгек жолу:

1998-2005-жж. — Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги, КМШ Башкы башкармалыгы, атташе, үчүнчү катчы, экинчи катчы, биринчи катчы;
2005-2008-жж. - Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Элчилиги, биринчи катчы. Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы иштеринде убактылуу ишенимдүү өкүлү;
2008-2008-жж. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин КМШ департаментинин көп тараптуу кызматташтык бөлүмүнүн башчысы;
2008-2010-жж. Кыргыз Республикасынын Түркмөнстандагы Элчилиги, Кеӊешчи;
01.2011-04.2011-жж. - Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын тышкы байланыштар жана протокол бөлүмү, Эксперт;
04.2011-12.2011-жж. - Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын тышкы байланыштар жана протокол бөлүмү, Бөлүм башчынын орун басары;
2012-2016-жж. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын эл аралык байланыштар жана протокол бөлүмү, Бөлүм башчы;
04.2016-10.2018-жж. - Кыргыз Республикасынын Япониядагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси;
17-октябрь 2018-жыл - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер Министри болуп дайындалды.

Дипломатиялык рангы: “Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Кичи элчиси”
Класстык чини: Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси.
Англис тилин билет.