27 ноябрь, 22:24, Бишкек сааты
28 ноябрь, 1:24, Сеул сааты
Элчилик Кыргыз Республикасы Консулдук бөлүм Жаңылыктар Пайдалуу шилтемелер
11 ноябрь, 16:13

Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Элчилиги "Seoul International Tourism Fair 2020" Эл аралык туристтик көргөзмөсүндө Кыргызстан тууралуу баяндама жасады

2020-жылдын, 9-ноябрынан 12-ноябрына чейин Сеулда "Seoul International Tourism Fair 2020" (SITIF 2020) эл аралык туристтик көргөзмөсү  өтүп, ошол жерде Кореядагы Кыргыз Республикасынын Элчилиги Кыргызстанды тааныштырып жатат.

SITIF көргөзмөсү Корея Республикасынын Маданият, Спорт жана Туризм Министрлигинин, Сеул шаардык мэриясынын жана Эл аралык Корея туризм көргөзмөсүнүн (KOTFA) колдоосу менен уюштурулган. Азия чөлкөмүндөгү ири эл аралык туристтик көргөзмөлөрдүн бири болуп саналат. SITIFтин негизги багыты жыл сайын дүйнөнүн ар кайсы бурчунан туроператорлорду жана туристтик агенттиктерди бириктирген ар кандай жарманкелер жана фестивалдар аркылуу туризмди жайылтуу болуп саналат. Бул жолу кыргыз туроператорлору Түштүк Кореянын коронавируска карантин эрежелеринен байланыштуу Сеулга бара алышкан жок.

Бул көргөзмөнүн жүрүшүндө Элчиликтин жардамы менен кыргыз комузчусу Кожомкулова Гүлайымдын аткаруусу уюштурулду, Кыргызстандын туристтик потенциалы жөнүндө видеотасмалар көрсөтүлүп, туристтик агенттиктердин буклеттери таратылып жатат (Ak-Sai Travel, ULP, Travel Land ж.б.), ошондой эле кыргыз элинин кооз жаратылышы жана бай маданияты жөнүндө маалымат берилип жатат.

Элчилик бул көргөзмөдө Кыргызстандын презентациясында жардам берген волонтер студенттер Эркинбек уулу Нурга, Кожомкулова Гүлайымга жана Номанов Давронго терең ыраазычылык билдирет.

Бардык жаңылыктар