27 ноябрь, 23:31, Бишкек сааты
28 ноябрь, 2:31, Сеул сааты
Элчилик Кыргыз Республикасы Консулдук бөлүм Жаңылыктар Пайдалуу шилтемелер
20 ноябрь, 19:11

Корея Республикасы менен коррупцияга каршы кызматташуунун келечеги жана алдыдагы эл аралык конференция жөнүндө

2020-жылдын 20-ноябрында, Кыргыз Республикасынын Элчиси Динара Кемелова Корея Республикасынын Коррупцияга каршы күрөшүү жана жарандык укуктар боюнча комиссиясынын төрагасы Джонг Хён Хи айымдын төрагалыгы астында өткөн тегерек столго катышты.

Тегерек столдун жүрүшүндө Корея Республикасынын коррупцияга каршы күрөшүү жана жарандык укуктары боюнча комиссиянын өкүлдөрү Корея бийлигинин коррупцияга каршы аракети, Комиссиянын өзүнүн ишмердүүлүгү, анын мамлекеттеги ролу жана жетишкендиктери жөнүндө айтып беришти.

Белгилей кетүүчү нерсе, Комиссия көз карандысыз орган катары 2008-жылы үч органдын: Кореянын акыйкатчысы, Кореянын коррупцияга каршы көзкарандысыз комиссиясы жана Административдик апелляциялык комиссиянын функцияларын бириктирип түзүлгөн. Ушуга байланыштуу, бул Комиссия жарандык коом менен тыгыз кызматташып, коррупциялык тобокелдиктерди азайтуу боюнча алдын-алуу чараларын көрүп, мамлекет менен коомдун ортосундагы көпүрө болуп саналат.

Тегерек столдун жүрүшүндө катышуучулар коррупцияга каршы күрөшүү боюнча тажрыйба жана Азия өлкөлөрүнүн компетенттүү органдарынын мындан аркы кызматташтыгы боюнча ой-пикирлери менен алмашышты. Кыргызстандын элчиси кызматташтык жөнүндө Меморандумдардын негизинде, Комиссиянын окуу борборун катышып жаткан өлкөлөрдүн адистерин окутуу жана квалификациясын жогорулатуу үчүн кеңири пайдаланууну сунуш кылды.

Түштүк Кореянын Коррупцияга каршы күрөшүү комиссиясынын төрагасы маалымдагандай, ушул жылдын 1-4-декабрында биринчи жолу онлайн режиминде 19-чу Эл аралык коррупцияга каршы конференция өткөрүлөт, ага 140 мамлекеттин расмий өкүлдөрү, эксперттери, бейөкмөт уюмдардын жана жарандык коомдун өкүлдөрү, ошондой эле илимий чөйрөлөр жана эл аралык уюмдар катышуусу күтүлүүдөө. Ошол эле учурда, уюштуруучулардын айтымында, пленардык отурумдар орус тилине синхрондуу котормосу берилет жана каалагандар www.iacc2020.kr сайты аркылуу алдын ала катталып катыша алат.

 

Бардык жаңылыктар