19 сентябрь, 0:01, Бишкек сааты
19 сентябрь, 3:01, Сеул сааты
Элчилик Кыргыз Республикасы Консулдук бөлүм Жаңылыктар Пайдалуу шилтемелер
18 апрель, 14:15

ЭЛЧИ К.СУЛТАН ИШКЕ ОРНОШУУГА УРУКСАТ БЕРҮҮ СИСТЕМАСЫНА МҮЧӨ БОЛГОН ӨЛКӨЛӨРДҮН ЭЛЧИЛЕРИНИН ЖОЛУГУШУУСУНА КАТЫШТЫ

Үстүбүздөгү жылдын 29-мартында EPS (чет өлкөлүк жарандарга ишке орношууга уруксат берүү системасы) системасына мүчө өлкөлөрдүн Элчилеринин жолугушуусу Кореянын Эмгек жана иш менен камсыздоо Министрлигинде болуп отүп, жолугушууга Кыргызстандын Кореядагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси К.Султан катышты.

Жолугушууну Кореянын Эмгек жана иш менен камсыз кылуу Министри Ким

Ёнг-джу ачып, жолугушууга катышып жаткан чет өлкөлүк дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн башчыларына салам жолдоду. Чет өлкөлүк кызматташтык бөлүмүнүн Директорунун “2018-жылдагы EPS алкагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү тармагындагы мамлекеттик саясаттын негизги багыттары” деген темадагы презентациясы болуп оттү. Презентация учурунда Кореянын Өкмөтүнүн чет өлкөлүк жумушчуларды ишке алуу системасын мындан ары өнүктүрүү боюнча пландары менен тааныштырды. Өзгөчө, корея тарабы көбүрөөк квалификациясы бар жумушчуларды тартуу үчүн жумушчуларды тандоо критерийлерин жакшыртуу, айыл чарба жана мал багуу чөйрөлөрүндө эмгектенген жумушчулардын турак-жай абалдарын жакшыртууну пландап жаткандагын айтты. Чет өлкөлүк жумушчу аялдарды сексуалдык мүнөздөгү зомбулуктардан коргоо жана болтурбай коюуга багытталган иш чаралар өзгөчө белгиленди. EPS системасындагы жумушчулардын арасындагы мыйзамсыз миграция маселелери боюнча Кореянын Эмгек Министри корей тарабы бул маселени катуу контрольго коерун айтып, жумушчуларды жиберип жаткан өлкөлөрдүн Элчиликтерине жана мамлекеттик органдарына конкреттик иш чараларды жана мыйзамсыз миграцияга каршы иш аракеттердин программасын иштеп чыгууга чакырды.

Ошону менен бирге, Кореянын Эмгек жана иш менен камсыздандыруу министри Ким Ёнг-джу айым менен болгон жолугушуу учурунда Элчи К.Султан Кыргызстандын EPS мындан аркы өнүгүп, жакшырышына жана бул системанын алкагында жакын кызматташтык жүргүзүүгө Кыргызстан абдан кызыктар экендигин белгилеп, бул системаны оптимизациялоо үчүн жүргүзүлүп жаткан корей тарабынын бардык иш аракеттери үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Бардык жаңылыктар