16 ноябрь, 18:04, Бишкек сааты
16 ноябрь, 21:04, Сеул сааты
Элчилик Кыргыз Республикасы Консулдук бөлүм Жаңылыктар Пайдалуу шилтемелер
23 апрель, 8:05

Элчи К.Султан “Ариранг TV” эл-аралык телерадио берүү кызматынын Президенти менен жолугушту

      Үстүбүздөгү жылдын 17-апрелинде Кыргыз Республикасынын Толук жана Ыйгарым укуктуу Элчиси К.Султан “Ариранг ТV” эл аралык телерадио берүү кызматынын Президенти Ли Сынг-ёль мырза менен жолугушту.

      Жолугушуу учурунда Элчи К.Султан 2018-жылдын 2-8-сентябрларында Чолпон-Ата шаарында өтө турган Үчүнчү Бүт дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндары тууралуу маалымдап, Оюндардын алкагындагы спорт жана маданият программаларын тасмага тартууга чакыруу катын тапшырды.

      Ариранг TV”нин өкүлдөрүнүн катышуусу Кыргызстандын байыркы көчмөн элинин оюндары менен этнокультуралык мурасы тууралуу корей коомчулугуна толук маалымат сунушталышына, жана эки өлкөнүн ортосундагы маданият байланыштарынын бекемделишине чоң жардам болоордугун билдирди.

      Ошондой эле, эки тарап телеканалдын Кыргызстанда интернет аркылуу көрсөтүлүшү маселеси боюнча кызматташууну макулдашты. Элчи К.Султан бай туристтик-рекреациалык потенциалы бар Кыргыз Республикасы тууралуу атайын тасма жаратууну сунуштап, тоо спорту жана туризми менен алектенген корей коомчулугунун өкүлдөрүнө кызык болоорун белгиледи. Ли Сынг-ёль мырза Кыргызстандын жаратылышынын сулуулугу көп өлкөлөрдөн туристтерди өзүнө тартып, келечекте Кыргызстанга барууга мүмкүнчүлүгү пайда болушуна үмүттөнөөрүн билдирди.

Бардык жаңылыктар