Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы элчилиги

17 август, 3:30, Бишкек сааты
17 август, 6:30, Сеул сааты
Элчилик Кыргыз Республикасы Консулдук бөлүм Жаңылыктар Пайдалуу шилтемелер
7 май, 9:22

Корея Улуттук Ассамблеясынын депутаты Кыргыз Республикасына иш сапарынын алдында кыргыз тилин үйрөнүүдө

2018 жылдын 26 апрелинде Кыргыз Республикасынын Түштүк Кореядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси К.Султандын Корея Республикасынын Улуттук Ассамблеясынын депутаты, Кыргызстан менен кызматташуу достук тобунун жетекчиси Ли Джонг Бае менен жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуу учурунда Элчи К.Султан Кыргызстанда болуп жаткан ички саясий акыбал, Жогорку Кенештин өсүп жаткан ролу жана Кыргыз Республикасындагы парламенттик башкаруу формасы боюнча маектешине маалымат берди.

Кыргыз Республикасы менен Корея Республикасынын ортосундагы мындан аркы парламенттер аралык кызматташтык боюнча пикир алмашуу болду. Ошондой эле баардык маселелерди бирге чечүүнү макулдашышты. Алардын катарында Кыргызстандан Корея Республикасына келип жаткан эмгек мигранттарынын санын кобойтүү, эки өлкөнүн ортосундагы түз аба каттамдарын ачуу маселелери дагы бар.

Өз кезегинде Ли Джонг Бае Түштүк Корея парламентинин Кыргызстан менен кызматташуу достук депутатттар тобунун жетекчиси катары Кыргыз Республикасындагы болуп жаткан баардык окуяларга терең көңүл буруп байкоо жүргүзүп тураарын айтты. Ошондой эле Түштүк Корея парламентинин депутаты Кыргызстанга болгон өзгөчө кызыгуусун айтып Кыргызстанга боло турган сапардын алдында керектүү деңгээлде кыргыз тилин үйрөнүү үчүн атайын китеп сатып алып окуп жатканын белгиледи. Анын сөзү боюнча кээ бир грамматикалык эрежелерде жана сүйлөмдөрдү түзүүдө кыргыз жана корей тилдеринин көптөгөн окшоштуктары бар.

Бардык жаңылыктар