25 май, 18:55, Бишкек сааты
25 май, 21:55, Сеул сааты
Элчилик Кыргыз Республикасы Консулдук бөлүм Жаңылыктар Пайдалуу шилтемелер
10 май, 15:10

Элчи К.Султан Кореянын импорттоочулар ассоциациясынын (KOIMA) жетекчиси менен жолугушту.

2-май, 2018 жылы Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы элчиси Кылычбек Султан  Кореянын импорттоочулар ассоциациясынын (KOIMA) жетекчиси Мьёнг Жин Шин менен жолугушту. 

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Кореянын ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтык маселелер талкууланды. Атап айтканда, Элчи К.Султан Корея менен соода жүргүзүүнүн көлөмүн жогорулатуу үчүн кыргыз тараптын ниетин билдирди. Анын айтымында, кыргыз экологиялык таза айыл чарба продукциясын Түштүк Кореяга экспорттоо боюнча кызматташууну кеңейтүүгө кызыкдар экенин белгиледи. Мындан тышкары, кыргыз жергесинде өндүрүлгөн айыл чарба азыктарын ВСП+ преференциясына ылайык, Европа өлкөлөрүнө экспорттоодо кыргыз-корея компаниялары  менен биргелешкен ишканаларды түзүүгө чакырды.

KOIMAнын жетекчиси Мьёнг Жин Шин өз кезегинде Кореяга чет жерлик товарларды жана азык-түлүктү импорттоо иштерине багытталганын, ага байланыштуу чет өлкөлүк компаниялар менен тымызын кызматташып жана потенциалдуу корея компаниялары менен байланыштарды өнүктүрүүгө көмөктөшөрүн деп билдирди. Ошону менен Элчи К.Султандын сунушун колдоп Кыргызстанга КОИМАдан атайын топту жиберин билдидрди. Топтун максаты Кореяга экспорттоого боло турган потенциалдуу кыргыз азык-түлүктөрдү аныктоо үчүн рынокту изилдөө болуп калат. Мындан сырткары, Мьёнг Жин Шин  кыргыз өлкөсүнүн азык-түлүктөрүн, товарларын, кыргыз компанияларынын байланыштары тууралуу маалымдаманы, ошондой эле Кыргыз Республикасынын экономикалык жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө кореялык абройлуу "ИМПОРТ" деген журналына акысыз жарыялоого даяр экенин билдирди.

Мындан тышкары, Сеул шаарында 21-23 июнда «Import Goods Fair» аттуу эл аралык көргөзмөгө Кыргыз компанияларынын катышуусу маанилүү экенин баса белгиледи. Мындай көргөзмөлөр кыргыз жергесинин туризми жана улуттук азык-түлүктөрү боюнча бир гана корей түзүмдөрүнүн арасында эмес, эл аралык компания жана ишканалардын арасында ишти илгерилетүү үчүн ыңгайлуу мүмкүнчүлүк түзүлөрүн КОИМАнын жетекчиси билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды алга жылдыруу жана коргоо агенттиги жана Кыргыз Республикасынын Соода-ѳнѳр жай палатасы жана КОИМАнын ортосунда тийиштту кызматташттык Меморандумга кол коюга макулдашты.

 

Бардык жаңылыктар