17 декабрь, 21:33, Бишкек сааты
18 декабрь, 0:33, Сеул сааты
Элчилик Кыргыз Республикасы Консулдук бөлүм Жаңылыктар Пайдалуу шилтемелер
5 июль, 17:02

Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Кылычбек Султандын Туштук Кореянын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ха Тэ Ёк мырза менен жолугушуусу болду.

2018 жылдын 3 июлунда Кыргызстандын Сеул шаарындагы Элчилигинде Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Кылычбек Султандын Туштук Кореянын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ха Тэ Ёк мырза менен жолугушуусу болду. Ха Тэ Ёк аталган кызматка 2018 жылдын 26 июнунда дайындалган.

Элчи К.Султан Ха Тэ Ёкду жаңы жооптуу кызматка дайындалышы менен куттуктап ийгиликтерди каалады.

Жолугушуу учурунда эки ɵлкɵнʏн Элчилери Кыргызстан менен Тʏштʏк Кореянын кызматташтыгынын баардык тармактары боюнча ой бɵлʏшʏштʏ. Ошондой эле эки ɵлкɵнʏн мамилесин жаңы дэңгээлге чыгаруу пландары туралуу пикир алмашышты. Жогорку деңгээлдеги саясий байланыштарды уюштуруу боюнча жана ошондой эле соода-экономикалык жана маданий кызматташтыктарды бекемдɵɵ боюнча бирге иш алып барууну макулдашышты.

 

Маалымат катары: Ха Тэ Ёк кɵп жылдык тажрыйбасы бар дипломат, Тʏштʏк Кореянын тышкы саясат тармагында 1987 жылдан бери эмгектенет. Тʏштʏк Кореянын Америкадагы, Чехиядагы, Германиядагы жана Россиядагы дипломатиялык ɵкʏлчʏлʏктɵрʏндɵ иштеген. Ошондой эле Тʏштʏк Кореянын Тышкы иштер Министрлигинде, Президенттик Администрацияда, улуттук коопсуздук Кеңешинде жоопту кызматтарды ээлеген. Ха Тэ Ёк 55 жашта, бир кыз бир уулдун атасы.

Бардык жаңылыктар