17 декабрь, 20:22, Бишкек сааты
17 декабрь, 23:22, Сеул сааты
Элчилик Кыргыз Республикасы Консулдук бөлүм Жаңылыктар Пайдалуу шилтемелер
10 июль, 10:49

МААНИЛУУ МААЛЫМАТ!

Урматтуу Кыргыз Республикасынын жарандары!

Корея Республикасынын Иммиграция Актына өзгөрүүлөр киргендигине байланыштуу, төмөнкү пункттарды аткаруу керек экендигин маалымдайбыз:

1. Чет өлкөлук жарандар сөзсуз турдө Корея Республикасынын Иммиграция кызматына (жашаган жери боюнча) Аты-жөну, туулган куну, жарандыгы, паспортунун номери, паспортунун жарактуу мөөнөту тууралуу өзгөруулор болгон учурда  14 кундун ичинде кабарлайт.

 

Аталган мөөнөттө кабарлабаган учурда 1 МИЛЛИОН корей вонуна чейин АДМИНИСТРАТИВДИК АЙЫП ПУЛ (ШТРАФ) төлөнөт!

 

ЖАНЫ ПАСПОРТ алгандыгы тууралуу Кореянын Иммиграция кызматына кабарлоо мөөнөту паспорт жасалган убактан 30 кун өткөндөн кийин башталат. Буга байланыштуу, ЖАНЫ ПАСПОРТ ЖАСАЛГАН КУНДОН КИЙИН 44 КУНДУН АРАЛЫГЫНДА  (30+14 кун) жаны паспортту каттатуу керек, же болбосо 1 МИЛЛИОН корей вонуна чейин административдик айып пул төлөнөт!

 

Өзгөруулөр тууралуу  www.hikorea.go.kr сайтындагы E-Application тейлөө кызматы аркылуу, же болбосо Иммиграция кызматынын тийиштуу офисине (корей ай-дисин алган офис).  туздөн туз барып кабарлоого болот.

Керектелчу документтер: жаны паспорттун жана корей ай-дисинин оригиналы жана копиялары.

Бардык суроолор боюнча 1345 телефонуна кайрылсаныздар болот (12* орус тилинде консультация)

 

2. Чет өлкөлук жарандар жашаган адреси өзгөргөн учурда сөзсуз турдө Корея Республикасынын Иммиграция кызматына 14 кундун ичинде кабарлайт.

 

3.Корея Республикасынын территориясында төрөлгөн чет өлкөлуктөрдун балдары Кореянын Иммиграциялык кызматынын тийиштуу офисине туулган кундо баштап 90 кундун ичинде каттоого туруш керек.  

 

Кыргыз Республикасынын Элчилиги Кыргыз Республикасынын бардык жарандарын жогоруда айталган иммиграция тартиптерин так аткарууга чакырат, аткарылбаган учурда  чон суммадагы административдик айып пул төлөнөөрун дагы бир жолу эскертет!!!

 

Бул маалыматты кенири таркатууну суранабыз!!!

Бардык жаңылыктар