23 октябрь, 6:57, Бишкек сааты
23 октябрь, 9:57, Сеул сааты
Элчилик Кыргыз Республикасы Консулдук бөлүм Жаңылыктар Пайдалуу шилтемелер
1 август, 15:13

кыргыз республикасынын корея республикасындагы элчиси к.султан корея маданият ассоциациясынын президенти менен жолугушту.

Үстүбүздөгү жылдын 1-августунда Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси К.Султан Корея Маданият Ассоциациясынын Президенти Жонг Жэ Мин мырза менен жолугушту.

 Жолугушуу учурунда тараптар маданият алкагында өз ара тыгыз кызматташууну макулдашты.  Кыргыз Республикасы менен Корея Республикасынын ортосундагы маданият байланыштарын бекемдөөгө түрткү берүүчү расмий жана маданият иш-чараларын өткөрүүдө Элчиликке максималдуу көмөк көрсөтүү тууралуу макулдашылды.

Ошондой эле, бул жолугушуу учурунда К.Султан Элчиге Корея Маданият Ассоциациясынын «Ардактуу кеңешчиси наамы ыйгарылгандыгы тууралуу Күбөлүк тапшырылды.

 

Бардык жаңылыктар