23 октябрь, 7:28, Бишкек сааты
23 октябрь, 10:28, Сеул сааты
Элчилик Кыргыз Республикасы Консулдук бөлүм Жаңылыктар Пайдалуу шилтемелер
2 август, 11:41

МААЛЫМАТ КАБАР! Кыргыз Республикасынын жарандарына Чеджудо аралына визасыз кирүүгө тыюу салынды

Кыргыз Республикасынын жарандарына Чеджудо аралына визасыз кирүүгө тыюу салынды.

Корея Республикасынын Иммиграция кызматынын маалыматы боюнча 2018-жылдын 1-августунан баштап Кыргыз Республикасынын жарандарына Чеджудо аралынын территориясына визасыз кирүүгѳ тыюу салынды.  Аталган чара Египет, Гамбия, Сенегал, Бангладеш, Пакистан, Сомали, Узбекистан, Непал, Камерун, Шри-Ланка жана Мьянма сыяктуу башка мамлекеттердин жарандарына да көрүлдү.

Чеджудо аралына визасыз кирүү 2001-жылы кабыл алынган атайын мыйзамдын алкагында уруксат берилип келет. Чет элдик жарандар туристтик максат менен деңиз жолдору же болбосо түз авиарейси менен учуп барса Чеджудо аралына 30 күнгө чейин турууга болот.

Кореянын Иммиграция кызматынын маалыматы боюнча, чет өлкөлүк жарандар Чеджудо аралынан ѳз маалында чыгып кетпей, аралдын территориясында мыйзамсыз жүрүүшүп, же болбосо качкын статусун алууга арыз берүү үчүн атайын максат менен келип жатышат, жана булардын арасында Кыргыз Республикасынын кѳптѳгѳн жарандары бар.

Бул жагдайлар Корея Республикасынын Өкмөтүн Чеджудо аралына визасыз кирүүгө бөгөт коюуга мажбурлады.

 

Кыргыз Республикасынын

Корея Республикасындагы Элчилиги

Бардык жаңылыктар