16 ноябрь, 17:46, Бишкек сааты
16 ноябрь, 20:46, Сеул сааты
Элчилик Кыргыз Республикасы Консулдук бөлүм Жаңылыктар Пайдалуу шилтемелер
5 сентябрь, 13:56

«Seoul Friendship Fair 2018» достук фестивалы

2018-жылдын 1-2 сентябрь аралыгында Элчилик "Кырхан" борбору жана башка кыргызстандык диаспоралардын активисттеринин көмөгү менен эл аралык «Seoul Friendship Fair 2018» достук фестивалына катышты. 


Фестиваль Сеул шаарынын борбордук аянтында өтүп, фестивалдын катышуучуларынын саны 50 миңден ашты.

Бөлүнүп берилген биринчи палаткада Кыргыз Республикасынан келген сувенирлер коюлду: кийизден жасалган баштыкчалар, бут кийимдер, кичинекей боз-үйлөр жана булгаары картиналар, улуттук көйнөктөр, калпак, улуттук оймолор менен жасалган чепкендер көрүүчүлөрдүн назарын алды. Катышуучулар кыргыз элинин маданияты жана үрп-адаттары тууралуу маалымат алышып, кыргыз улуттук баш кийимдер менен сүрөткө түшүп, биздин өлкөгө барууга кызыкдар экенин билдиришти.

Экинчи палаткада кыргыз улуттук ашканасы даярдалды: нан продукциялары жана койдун этинен жасалган шишкебекке көрүүчүлөр кызыгышты. 

Бардык жаңылыктар