23 апрель, 10:11, Бишкек сааты
23 апрель, 13:11, Сеул сааты
Элчилик Кыргыз Республикасы Консулдук бөлүм Жаңылыктар Пайдалуу шилтемелер
30 март, 10:24

Элчи Д.Кемелова Сонгюнгван (Sungkyunkwan University) университетинин Деканы Тай Менг Чунг мырза менен жолугушту

2019- жылдын 27-мартында Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчи Динара Кемелова Сонгюнгван (Sungkyunkwan University) университетинин Деканы Тай Менг Чунг мырза менен жолугушту.

Элчи Д. Кемелова мамлекетибизде санариптештирүү жана адам ресурстарын өнүктүрүү багытын баса белгилеп, Кыргызстан үчүн IT, программалык камсыздоо боюнча окуу программаларын көбөйтүүсүнө көмөк көрсөтүүсүн айтып кетти.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө эки тарап Сонгюнгван университетинде Кыргыз Республикасынын жарандары “Маалымат технология” багытында магистратурага стипендия аркылуу окууга мүмкүнчүлүк алуусу боюнча талкуулар жүргүзүлдү.

         Маектешүүнүн негизинде эки тарап жогорку окуу жайлар аралык кызматташуунун келишими тууралуу талкуулашты.

         Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө корей тарап Кыргызстандын мектеп мугалимдери жана ЖОЖдордун стунденттери үчүн профессор жана студенттерден турган топту маалымат технология боюнча билим жана тажрыйба алмашуу үчүн ушул жылдын жай мезгилинде жөнөтүүсүн кабарлады.
 

Бардык жаңылыктар