23 апрель, 10:18, Бишкек сааты
23 апрель, 13:18, Сеул сааты
Элчилик Кыргыз Республикасы Консулдук бөлүм Жаңылыктар Пайдалуу шилтемелер
3 апрель, 8:46

Элчи Д.Кемелованын Корея Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Юн Сун Гу мырза менен жолугушуусу болуп өттү

2019-жылдын 2-апрелинде Элчи Д.Кемелованын Корея Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Юн Сун Гу мырза менен жолугушуусу болуп өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташтыктын орчундуу маселелерин талкуулашты. Тактап айтканда, жогорку деңгээлдеги эки тараптуу иш сапарларды ишке ашыруу боюнча пикирлер менен алмашты. Ошондой эле маанилүү масалелерди Бишкек менен Сеулдун ортосундагы тʏз аба каттамын ачуу, кыргыз эмгек мигранттары ʏчʏн квоталарды кɵбɵйтʏʏ, билим берүү чөйрөсүндө кызматташуу маселелери болду.

Д.Кемелова Корея тарапка Кыргызстанда болуп жаткан демократиялык ɵнʏгʏʏлɵрдʏ колдогондугу ʏчʏн ыраазычылык билдирди. Yстʏбʏздɵгʏ жыл Кыргызстандын Президенти С.Жээнбеков тарабынан региондорду ɵнʏктʏрʏʏ жана өлкөнү санариптештирʏʏ жылы деп жарыяланганын белгилɵɵ менен кыргыз тараптын Тʏштʏк Кореянын ушул багыттагы тажрыйбасын изилдɵɵгɵ, керектʏʏ жардам жана технологияларды тартууга кызыкдар экендигин белгиленди.

Ɵз кезегинде Юн Сун Гу мырза Тʏштʏк Корея менен Кыргызстандын элдеринин окшоштугун белгиледи. Ошондой эле жогоруда кɵтɵрʏлгɵн маселелердин эки тараптык кызматташтыкты бекемдɵɵдɵ ɵтɵ маанилʏʏ экендигин айтты. Корея эл аралык кызматташтык Агенттиги жана экономикалык кызматташтык Фонду тарабынан аткарылып жаткан бардык өнүгүү долбоорлордун аягына чыгышына ишенээрин белгиледи.

 

Бардык жаңылыктар