26 август, 8:47, Бишкек сааты
26 август, 11:47, Сеул сааты
Элчилик Кыргыз Республикасы Консулдук бөлүм Жаңылыктар Пайдалуу шилтемелер
22 июль, 10:49

«The 12th Together Day» улуттар аралык фестиваль

2019-жылдын 19-майында Ансан шаарында (Түштүк Корея) «The 12th Together Day» улуттар аралык фестиваль болуп өттү.

Фестивалдын ачылыш аземинде Кыргыз Республикасынын, Кытай, Индонезия, Шри-Ланка, Өзбекистандын элчилиги жана диаспоранын өкүлдөрү ж.б. катышты.

Элчи Динара Кемелова Кореяда аккредиттелген дипкорпустардын атынан куттуктоо сөзүн сүйлөдү. Элчи өз сөзүндө корея жана кыргыз элинин тарыхый жактан окшоштугун белгилеп жана Европа жана Азиянын кесилишинде жайгашкан Кыргызстандын кооз табияты менен тоолору, туристтик мүмкүнчүлүктөрү тууралу айтып берди. Ошондой эле, элчи Ансан шаардык бийликке чет өлкөлүк жарандарга, анын ичинде Кыргызстандын жарандарына бул – көп улуттуу шаарда жакшы жашоо шарттарын түзүп бергенине ыраазычылыгын билдирди.

Фестивалда ар мамлекеттердин, ошондой эле Орто Азиянын көргөзмө чатыры дагы тигилип, кореялык жаш ыктыярчы активисттердин башчысы Чонг Ёнг Кван мамлекеттердин туристтик дарамети жөнүндө, ошондой эле Кыргызстандын маданиятын таныштырып, келген конокторго калпакты өз колу менен жасаганды көрсөтүштү. Элчилик кореялык ыктыярчыларга Кыргызстанды тааныштыргандыгы үчүн чоң ыраазычылык билдирет.

Маалымат:

Ансан шаары Кёнгидо провинциясында Сеул шаарынын түштүгүндө жайгашкан. Калкы 700,000 миңге жакын жана шаарда 20миң ишканалар бар. Жергиликтүү бийликтин маалыматына караганда, Ансан шаарында 330 Кыргызстандык жараны жашайт.

 

Бардык жаңылыктар