26 август, 8:45, Бишкек сааты
26 август, 11:45, Сеул сааты
Элчилик Кыргыз Республикасы Консулдук бөлүм Жаңылыктар Пайдалуу шилтемелер
22 июль, 11:53

«Кыргызстан-туризмдин жаңы багыты»

2019-жылдын 5-июнунда Корея Республикасында биринчи жолу Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы элчилиги жана “Ак-Сай Трэвел” кыргыз туркомпаниясы менен биргеликте уюштурулган «Кыргызстан-туризмдин жаңы багыты» аттуу туристтик форуму болуп өттү. Форум 6-9-июнь мезгилине чейин Сеул шаарында болуп өтө турган “Seoul International Tourism Industry Fair” эл аралык туристтик көргөзмөсүнүн  алкагында болуп өттү.

Форумга Hana tour, Semyung tour, Sanak tour, SK tour, Hyecho trecking сыяктуу кореялык алдынкы туроператорлор жана Кыргызстандан барган туроператорлордун өкүлдөрү тарабынан: Ak-Sai Travel, Travel Land и Kyrgyz Community Based Tourism Association катышты. Ошондой эле Кореянын туризм чөйрөсүндө иштеген жалпыга маалымдоо каражаттары катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө, Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Динара Кемелова куттуктоо сөзүндө Кыргыз Республикасынын туристтик дарамети жөнүндө айтып өттү. Кыргызстанга барган туристтердин саны акыркы кезде көбөйүшү байкалып жаткандыгына көнүл бурду. Ошол себептен, Түштүк Корея жана Кыргызстандык туркомпаниялар биргеликте Кыргызстанды кореялык туристтер үчүн эң көп саякат кылуучу мамлекетке айлантууга чакырды. 

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын туристтик дарамети жана мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө «Ak-sai Travel» компаниясынын өкүлү Александр Калмыков презентация жасады. Тактап айтканда, Кыргызстанга баруу себептери жана туризмдин түрлөрү, мисалы альпинизм, трэккинг, кэмпинг, лыжа спорту ж.б. жөнүндө айтып берди.

Форумдун аягында Кыргызстандык активист Гулайым Кожомкулова комуз ойноп берди, ошондой эле конокторго кыргыз улуттук тамактарын жана суусундуктарын дегустациялоо сунушталды.

Бардык жаңылыктар