26 август, 9:16, Бишкек сааты
26 август, 12:16, Сеул сааты
Элчилик Кыргыз Республикасы Консулдук бөлүм Жаңылыктар Пайдалуу шилтемелер
22 июль, 12:21

2019 жылдын 27 июнунда Сеул шаарында эл аралык «Import Good Fair» кɵргɵзмɵ ачылды

Кыргызстандын продукцияларын экспорттоо боюнча алдыга коюлган максаттардын негизинде Кыргызстандык компаниялар Кыргызстандын Корея Республикасындагы Элчилигинин жана Кыргыз Республикасынын инвестиция тартуу жана коргоо агенттигинин колдоосу менен «Import Good Fair» кɵргɵзмɵсʏнɵ катышууда. Аталган кɵргɵзмɵ 27-29 июнда Сеул шаарында ɵтʏʏдɵ.

Кыргызстандык «Аман Гринфуд», «Дары Тянь Шаня», «Одно село-один продукт» и «Сан Планета» аттуу компаниялары ɵзʏлɵрʏнʏн органикалык бал, джем, варенье жана башка буюмдарын кɵргɵзмɵгɵ койушууда. Кыргызстандын павильёну кɵрʏʏчʏлɵрлʏн ɵзгɵчɵ кызыгуусун жаратууда.

Кыргызстандын боюмдарын кɵрʏʏ убагында Кореянын импортерлор Ассоциясынын жетекчиси Кван Хи Хонго, Корея республикасындагы дипломатиялык корпустун жетекчилерине жана башка катышуучуларга Элчи Динара Кемелова Кыргызстандын органикалык продукциясынын ɵзгɵчʏлʏктɵрʏ жɵнʏндɵ маалымат берди. Ошондой эле «Бир айыл – бир проект» аттуу демилгенин негизинде Кыргызстандын региондоруна жана айылдарына жардам кɵрсɵтʏлʏп жатканын айтты.

Маалымат ʏчʏн: Кɵргɵзмɵнʏн уюштуруучусу Кореянын импортерлор Ассоциациясы болуп эсептелет. Кɵргɵзмɵнʏ ɵткɵрʏʏгɵ жардам кɵрсɵткɵндɵр Кореянын соода, ɵндʏрʏш жана энергетика министрлиги, Кореянын инвестицияга жана тышкы соодага кɵмɵк кɵрсɵтʏʏ Агенттиги жана Кореянын эл аралык соода Ассоцияциясы болук эсептелишет.

Бардык жаңылыктар