26 август, 10:10, Бишкек сааты
26 август, 13:10, Сеул сааты
Элчилик Кыргыз Республикасы Консулдук бөлүм Жаңылыктар Пайдалуу шилтемелер
22 июль, 12:24

Тʏштʏк Кореянын борборунда Кыргыз Республикасынын соода кеңсеси ачылды

Соода-экономикалык кызматташтыкты активдештирʏʏ максатында 2019 жылдын 28 июнь кʏнʏ Тʏштʏк Кореянын борборунда Кыргыз Республикасынын соода кеңсеси ачылды.
Соода кеңсеси Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Элчилигинин демилгеси менен тʏзʏлдʏ жана буга Тʏштʏк Кореянын ишкери Ким Жин Вон мырза жардам кɵрсɵттʏ. Ким Жин Вона Кыргызстандын продукциясын Тʏштʏк Кореянын базарына чыгарууга кɵмɵк кɵрсɵтɵɵрʏн билдирип акысыз пайдаланууга бɵлмɵ бɵлʏп берди.
Ачылыш аземинде Элчи Динара Кемелова сɵз сʏйлɵп ушул кʏндɵрʏ Сеул шаарында ɵтʏп жаткан «Import Goods Fair» аттуу эл аралык кɵргɵзмɵдɵ Кыргызстандын павильону кɵрʏʏчʏлɵрдʏн кызыгуусуна ээ болуп жатканын айтты. Ошондой эле Элчи жакын арада Кыргызстандын продукциясы 50 миллион калкы бар Тʏштʏк Кореянын чоң чоң соода борборлорунда сатылат деген ишенимин билдирди.
Соода кеңсе Сеул шаарынын борборунда жайгашкан. Бул райондо шаардын мэриясы, Кореянын башка мамлекеттик мекемелери, соода палатасы жана эл аралык соода борборлору орун алган.
Соода кеңседе Кыргызстандын органикалык продукциялары койулган. Алардын арасында «Дары Тянь-Шаня», «Аман Гринфуд», «бир айыл – бир проект» деген компаниялардын кийизден жасалган боюмдары, бал, джем жана башка товарлары бар. Аталган компаниялар жогоруда белгиленген кɵргɵзмɵгɵ катышууда. 
Белгилеп кетчʏ нерсе бʏгʏнкʏ кʏнʏ Кыргызстандын продукциясын Тʏштʏк Кореяда сатканга кызыккан компаниялар пайда боло баштады. 

Бардык жаңылыктар