26 август, 8:44, Бишкек сааты
26 август, 11:44, Сеул сааты
Элчилик Кыргыз Республикасы Консулдук бөлүм Жаңылыктар Пайдалуу шилтемелер
22 июль, 12:27

Элчи Чолла-Пукто ɵрɵɵнʏнɵ иш сапары менен барды

2019 жылдын 1-2 июлунда Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Элчиси Динара Кемелова Корея Республикасынын Чолла-Пукто ɵрɵɵнʏнɵ иш сапары менен барды. Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүктөрү менен тааныштыруу жана эки мамлекеттин ортосундагы соода-экономикалык байланыштарын активдештирүү маселеси сапардын негизги максаты болду.
Аталган ɵрɵɵндʏн Ванджу жана Чинан аймактарында Кыргызстандын экспорттук мʏмкʏнчʏлʏктɵрʏн, туристтик жана инвестициялык потенциалдарын чагылдырган презентация ɵткɵрʏлдʏ. Ошондой эле "Манас" эпосунан ʏзʏндʏ айтылып жана комуздун кʏʏлɵрʏн камтыган концерттик программа тартууланды. Ванджу жана Чинан шаарларынын мэриясынын имаратында Кыргызстандын органикалык продукцияларынын жана улуттук кийимдеринин кɵргɵзмɵсʏ ɵттʏ. 
Ванджу шаарынын мэри Парк Сунг Иль мырза менен болгон маектешүүдө Кыргызстанды санариптештирʏʏ жана аймактарды ɵнʏктʏрʏʏ боюнча жʏргʏзʏлʏп жаткан иш-чаралар боюнча маалымат берилди. Ошондой эле Ванджу жана Жалал-Абад шаарларынын ортосунда кызматташтык мамилелерин орнотуу боюнча ой сунушталды.
Чинан шаарынын вице-мэри менен болгон жолугушууда эки ɵлкɵнʏн аймактар аралык кызматташтыгы талкууланды жана кореялык тарапка Кызыл-Кыя шаары менен кызматташтык мамилелерин орнотуу боюнча Меморандумдун долбоору тапшырылды.
Элчиликтин делегациясы «Local Food» долбоору менен таанышты. Бул долбоор региондорду ɵнʏктʏрʏʏгɵ жана жумуш орундары менен камсыз кылууга багытталган. 
Кореянын туристтик агенттиктери Кыргызстанга туристтик турларды уюштуруу менен бирге Кыргызстандын туристтик аймактары жɵнʏндɵ документалдык фильм тартуу жөнүндө чечим кабыл алды.

Бардык жаңылыктар