7 декабрь, 18:17, Бишкек сааты
7 декабрь, 21:17, Сеул сааты
Элчилик Кыргыз Республикасы Консулдук бөлүм Жаңылыктар Пайдалуу шилтемелер
22 июль, 12:46

Элчи Д.Кемелованын Корея Республикасынын Улуттук Ассамблеясынын депутаты, Кыргызстан менен кызматташуу тобунун жетекчиси Ли Джон Бэ мырза менен жолугушуусу болду

2019 жылдын 10 июлунда Элчиликтин демилгеси менен Элчи Динара Кемелованын Корея Республикасынын Улуттук Ассамблеясынын депутаты, Кыргызстан менен кызматташуу тобунун жетекчиси Ли Джон Бэ мырза менен жолугушуусу болду.

Динара Кемелова жакында Корей жарым аралындагы кʏзɵттʏк аймакта болуп ɵткɵн АКШнын, Тʏштʏк Кореянын Президенттеринин жана Тʏндʏк Кореянын башчысынын жолугушуулары менен корей тарапты куттуктады. Тандалып алынган суйлошʏʏлɵр жолу Корей жарым аралында тынчтыктын жана туруктуулуктун орношуна, ошондой эле региондун ɵнʏгʏшʏнɵ алып келет деген ишенимин билдирди.

Элчи Кыргыз Республикасы менен Корея Республикасынын ортосундагы парламенттер аралык кызматташтыктын жогорулашына кыргыз тараптын кызыктар экенин айтты.

Ли Джонг Бэ мырза Кыргыз элинин демократиялык ɵнʏгʏʏгɵ болгон умтулуусун жогору баалады жана келечекте Кыргызстан парламенттик башкаруу жолу аркылуу жакшы жыйынтыктарга жетишет деген ʏмʏтʏн билдирди.

Тʏштʏк Кореянын депутаты Кыргызстандагы этникалык корей улутунун ɵкʏлдɵрʏнʏн абалын белгилеп алар Кыргыз Республикасындагы башка улуттардын ɵкʏлдɵрʏ менен достукта жана биримдикте жашап жатканын айтты.

Ɵз кезегинде Элчи Д.Кемелова Кыргызстан менен Корея Республикасынын соода-экономикалык байланыштарындагы тоскоолдуктарды тɵмɵндɵтʏʏгɵ мыйзамдык жактан жардам берʏʏсʏн ɵтʏндʏ. Тараптар эки ɵлкɵнʏн борбор шаарларын байланыштыра турган тʏз аба каттамын ачуу мʏмкʏнчʏлʏктɵрʏн дагы талкуулашты жана келечекте дагы жолугушуулар болорун макулдашышты.

Бардык жаңылыктар