7 декабрь, 17:33, Бишкек сааты
7 декабрь, 20:33, Сеул сааты
Элчилик Кыргыз Республикасы Консулдук бөлүм Жаңылыктар Пайдалуу шилтемелер
15 октябрь, 16:19

«Global Family Festival», «Gimje Horizon Festival», «Wanju Wild Food Festival»

Бул  фестивалдардын  алкагында Кыргыз Республикасынын элчиси Динара Кемелова Чолла-Пукто провинциясындагы Кимже шаарынын, Ванжу, Имсиль, Сунчхан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери,  ошондой эле  Чонбук Улуттук Университетинин жана Чонджу Университетинин жетекчилери  менен бир катар жолугушууларды өткөрдү.  Жолугушуунун жүрүшүндө  Элчи айыл-чарба, өнөр-жай, инновациялык технологиялар жана билим берүү жаатында кызматташуунун келечеги, ошондой эле EPS(Employment Permit system) системасынын негизинде Кыргызстандын

жарандарын жумушка кабыл алуу боюнча маселелерди талкуулашты.

"Wanju Wild Food Festival иш-чарасында,чет өлкөдөн бир гана Кыргызстан катышып, Элчиликтин жана Кыргызстандык активистердин колдоосу менен биздин мамлекетте жасалган органикалык өндүрүмдөр: бал, кыям, табигый өсүмдүк майы, кургатылган жемиштер ошондой эле кол өнөрчүлөр тарабынан жасалган кийизден жасалган сувенирлер көргөзүлдү.

Коноктор бал жана чычырканак, кара карагаттын, малина жана башка кургатылган жемиштерден демделген чайдан даам тата алышты. Ошондой эле кыргыз наваты корей элинин кызыгуусун жаратты.

Элчилик,  Гулшайыр  Надырбекова, Болотбек Сулайманов, Аида  Улукбекова, ошондой эле   Чонбук жана  Чонджу университетинин студенттерине  (Олбосов Айтбай, Абдыбатов Зарина, Даниярова Айпери, Жаналы уулу Тыналы, Исламов Кыялбек) активдүү жардам бергени  үчүн ыраазычылык билдирет.

Бардык жаңылыктар