24 январь, 22:49, Бишкек сааты
25 январь, 1:49, Сеул сааты
Элчилик Кыргыз Республикасы Консулдук бөлүм Жаңылыктар Пайдалуу шилтемелер
4 декабрь, 14:57

2019 жылы Бишкек шаарында “FABlab Бишкек» ɵндʏрʏш лабараториясы ачылды

2019 жылдын 4 декабрында Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Элчиси Д.Кемелова жана Кыргыз Мамлекеттик техникалык Университетинин Ректору М.Джаманбаев “Сеул эл аралык достук Ассоциация” Ɵкмɵттʏк эмес Уюму тарабынан уюштурулган “FABlab Бишекек” ɵндʏрʏш лабараториясы аттуу долбоорун ишке ашыруу иш чарасына катышышты.

Иш чара учурунда Кыргыз Республикасында “FABlab Бишекек” 2019-2022 жж. аталган ɵндʏрʏш лабараториясы долбоорун түзүү жолу менен жогорку билим берүүнүн сапатын жакшыртуу жɵнʏндɵ кыскача маалымат презентацияланды.

Иш чарага Кореянын Ɵкмɵттʏк эмес Уюмдары жана ушул долбоорду иш жʏзʏнɵ ашырууга кызыктар болгон компаниялардын ɵкʏлдɵрʏ катышышты.

 

Маалымат катары: Бул долбоордун максаты санариптештирʏʏ ɵндʏрʏшʏн билим берʏʏ чɵйрɵсʏндɵ тʏзʏʏгɵ багытталган. Долбоордун негизинде семинарларды, тренингдерди жана башка билим берʏʏ иш чараларын ɵткɵрʏʏгɵ шарт тʏзʏлɵт. Ошондой эле санариптик ɵндʏрʏштɵгʏ техникалык жɵндɵмдʏʏлʏккɵ жана адистерди окутууга мʏмкʏнчʏлʏк болот.

https://mfa.gov.kg/kg/dm/kyrgyz-respublikasynyn-koreya-respublikasyndagy-elchiligi/news/4682

Бардык жаңылыктар