3 август, 20:45, Бишкек сааты
3 август, 23:45, Сеул сааты
Элчилик Кыргыз Республикасы Консулдук бөлүм Жаңылыктар Пайдалуу шилтемелер
31 январь, 16:45

Урматтуу мекендештер!

Урматтуу мекендештер!

Коронавирустун таркашынын негизинде 2020 жылдын 27 январында Корея Республикасынын бийлиги тарабынан коопсуздуктун деңгээлинин «кызгылт сары» (оранжевый) тʏскɵ чейин кɵтɵрʏлгɵнʏнɵ байланыштуу жана ден-соолуктун коопсуздугун камсыздоо максатында баарыңыздарга тɵмɵнкʏлɵрдʏ сунуштайбыз:

  1. Элдер кɵп чогулган жерлерге барбоого аракет кылуу;
  2. Медициналык маскаларды жана колдорду дезинфекциялоочу заттарды колдонуу;
  3. Коомдук жайлардан келгенден кийин жеке гигиенага кɵңʏл буруу.

Вирустун симптомдору байкалган учурда (дененин табы кɵтɵрʏлгɵндɵ, жɵтɵл кʏчɵгɵндɵ, дем алуу кыйындаганда, сасык тумоологондо) эч жашырбастан Тʏштʏк Кореянын ооруну кɵзɵмɵлдɵɵ жана алдын алуу Борборуна 1339, 1345 (чет ɵлкɵлʏк жарандар ʏчʏн) жана 120 (Сеул шаарынын жашоочулары ʏчʏн) номерлери аркылуу кайрылууңуздарды ɵтʏнɵбʏз.

Ошондой эле Корея Республикасынын иммиграция кызматы кабарлагандай, эгерде Кореяда мыйзамсыз жʏргɵн чет ɵлкɵлʏк жарандар вируска байланыштуу симптомдорду сезишсе атайын мекемелерге жардам сурап кайрылышса болот жана Кореянын иммиграциялык бийликтери тарабынан эч кандай куугунтуктоолор болбосун белгилейбиз.

Калган баардык суроолор боюнча Элчиликтин консулдук бɵлʏмʏнɵ кийинки номер аркылуу кайрылыңыздар: + 82-2-379-0951.

Азыркы мезгилде коркууга эч негиздер жок.

Баарыңыздарга чың ден-соолук каалайбыз!

Бардык жаңылыктар