7 апрель, 7:07, Бишкек сааты
7 апрель, 10:07, Сеул сааты
Элчилик Кыргыз Республикасы Консулдук бөлүм Жаңылыктар Пайдалуу шилтемелер
20 март, 16:04

Урматтуу мекендештер!

Корея Республикасынын бириктирүү Министрлигинин алдындагы билим берүү Институту Корея жарым аралына байланыштуу илимий иштер менен алектенген чет өлкөлүк жарандар үчүн 2020 жылдын 29 июнунан 2020 жылдын 03 июлуна чейин “Корей жарым аралын бириктирүү жана Түндүк Кореяны түшүнүү”, демилитаризациялык зона DMZ & Panmunjom, тарыхты изилдөө, маданият аттуу жана башка темаларга арналган окуу курсун өткөрүүнү пландоодо.

Негизги талаптар:

  • Талапкердин билим денгээли кеминде магистр даражасында болушу керек.
  • Талапкер университеттердин, илимий изилдөө интитуттардын, басма сөз, эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнүн арасынан болушу керек.
  • Лекциялар корей тилинде өтөт, ошондуктан корей тилин билүү негизги талаптардын бири болуп эсептелет.
  • Квалификациялуу талапкерлердин арыздары 2020 жылдын 10 апрелине чейин тапшырылышы зарыл.
  • Корей тараптын маалыматына жараша Кыргыз Республикасы үч талапкерди сунуштай алат, өз кезегинде уюштуруучулар үч талапкердин ичинен жогоруда белгиленген курска катыша турган бир адамды тандап алышат.

Кошумча маалыматтар үчүн кийинки электрондук адреске кайрылууга болот: gobaledu@unikorea.go.kr

Жогоруда аталган талаптарга дал келген жана ушул билим берүү иш-чарасына катышууну каалаган Кыргыз Республикасынын жарандарын корей тарапка тийешелүү сунуштоо алуу үчүн Элчиликке krembassy.kr@mfa.gov.kg электрондук адрес аркылуу кайрылууга чакырабыз.

Бардык жаңылыктар